Бриллиант жылан каарманы

Dating > Бриллиант жылан каарманы

Download links:Бриллиант жылан каарманыБриллиант жылан каарманы

Өзү барып түрмөгө жашынып жаны тынды. Эжекең деп Салкынды айтып жатканын түшүндү. Дагы тапкыч экен, алдыңдан чыккан айылга кирип катар менен тандайбыз!

Үч-төрт саат бою эмне сүйлөшүшөт сыртта турган төртөөнө ичинен да сыртына да калың каптама урулган эшиктен эч нерсе угулбайт. Ата-энеси кечирген соң баардык туугандары жылдыкка катышканы туурадыр. Айткылачы мындай жагдайда жашап кетүү оңойбу? Үйгө жетери менен убада боюнча абышкага квартира акысын карматты. Көздөрү тим эле жыландыкындай заардуу экен. Өздөрү үй -жай кылып алышсын, колумдан келсе кылып бермекмин колумда жок да. Баланын кайгысын мына мен жакшы түшүнөм, азыр ката кетирсен өмүр бою өзүңдү кечире албай өтөсүң. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайын окуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу. Что такое Теневая растушовка? Когда карманник встречает Будду, он видит только его карманы… В Лахоре, городе ювелиров, жил один профессиональный карманник. Жашагым келет, жашай бергим келет. Көрүнгөн жерде келжирей беришип өздөрүн-өздөрү салып беришет.

Көздөрү кадимкидей көрүп турса да бир нерсени түшүнбөй калган кишиче эки жагын карап көздөрүн ушалап туруп калды. Тигилер Лондондогу байлыкка жүрөктөрү дүкүлдөп жаткандыктан Шаанын сөзүнүн маанисине көңүл деле бөлүшпөдү. Күткөндө да ар бир секунданын өтмөгү тозок болуп бири-биринен көздөрүн алышпай аңдышып, кулактарын ич тараптан албай тыңшап, кандай кабар угулуп калат деп күтүшөт.

Алмаз в кармане Будды - Катты окуп чыгып мыжый кармаган Азият өлө-сөлү чалга алдатып жибергенине ызалана ичинен онтоп алды. Бир эле каалоом болуп турду, менин башымдан өткөн азап күндөр башкаларга сабак болушун эңседим.

Стаж эки жыл, лично өзүм жасаттым мага жакты. Что такое Теневая растушовка? Однако современные техники кардинально отличаются от тех, которые пользовались популярностью несколько лет назад, и направлены скорее на подчеркивание естественной красоты, чем на создание искусственной. Одна из них - теневая растушевка бровей. О всех ее секретах и особенностях мы и поговорим сейчас. Особенности и преимущества процедуры Среди всех вариантов татуажа шотирование пользуется едва ли не наибольшей популярностью, ведь с его помощью удается добиться главного — естественного и красивого вида бровок. Секрет его в том, что с помощью краски создается «фон», который заполняет промежутки между волосками или участки, обделенные растительностью. Таким образом можно создать красивую форму, насыщенный цвет, которые продержатся без изменений около года иногда эффект сохраняется до 2-3 лет Источник Жашагым келет!! Ошол муздак керебетте бир кылым жаткандай болуп жаттым. Же бир тирүү жан кабар алып койсочу, ич жагым дагы катуу ачышып туруп алды. Заара кылгым келет, сүйүнүп кеттим денемдин ылдый тарабы бардык жокту сезип жатканына. Көөптө барып жаныма бирөө келди, көзүм тунарып жакшы көрбөй койду. Ак кийимчен экени билинет, ким экенин тааный албай курудум. Кызым болсо таарынат деп кимсиң дей албай айлам кетет. Көзүмдү жумуп алсам бир жагымдуу үн чыкты. Төрт күндөн бери ушул жерден кадам жылбай олтурушат. Болду эми көп эркелеп жата бербеңиз. Мен Аку кызымды чакырып берчи! Чыгып кеткенден кийин көөптө барып кызым кирип келди. Кичине өзүмө келип калган элем. Жылмайып киргени менен көздөрү шишигенден ачылбай калыптыр, өңү бозоруп тим эле ичти ачыштыра тургандай. Сени жаңы келин дейт, күйөөң аялым сулуу эмес экен дебейби. Эмнеге мурун айтпайсыз, байкем айтканда эле догдурга барсаңыз мындай болбойт беле. Андан көрө агаларына дагы айт үйгө бара беришсин, сен болсо үйүңө бар, кызматыңды кыл кызым. Жаңы келген келин башка жакта жүргөнү жакшы эмес, анан сурап дагы келбегин. Мен бул жактан чыкканда төр көрсөтүп чакырам, ошондо күйөөң, кайненен болуп келесиңер макулбу. Сен өзүңдүн кайнененди кара, Салим жакшы жүрөбү? Күйөө балаңыз болсо эртең менен кечинде кабар алып жатат. Унчуккан жок, уруксатын берип эле жатат, сиз кыжалат болбоңуз. Мага Мыкы кирсинчи э шашпай, азыр кирсе чарчап калдым сүйлөй албайм. Кызым суу тамызып койчу. Кызым оозума суу тамызып жатып, ыйлаап алды. Көз жашы бетиме ыссык болуп тамып кетти. Өзүм дагы таң калып жатам, жашым элүүгө жете элек болсо мен эмнеге жыгылып жатам! Туугандар жалгыз кызын күйөөгө берип, ичи ачышып жүрөгүнө күч келип жыгылды дешиптир. Ооба туура, ичим ачышып жатат, ачышат дагы. Бирок, анчалык деңгээлде эмес да. Мен жакшы түшүнүп турам, кыз бала бизге жөн гана конок экенин. Эртеби кечпи баарыбир күйөөгө кетмек, жакшылыктын эрте кечи жок дейт эмеспи. Бактылуу болсун деп эле ыраазы болуп бергем. Реанимациядан палатага которушту, анан балдардын баары жаныма киришти. Мыкы көзүмө тик карай албай кайсалактайт. Ушул жерден мен жаман ооруга чалдыгып калганымды түшүнгөндөй болдум. Бала-чака кеткенден кийин Мыкы менен ачык сүйлөшкүм келди. Айтпайт, эч нерсени айтпайт. Апа жакшы болосуң, үйгө чыгасың жакында. Көп кайгырба, көп ойлонуп койгондон болуптурсун деди. Ишенгим келди, кудайдан ошондой эле болсун деп тиленем. Мыкы кеткенден кийин догдурдан ден-соолугумду сурасам, шашпай баардыгын түшүндүрүп берди. Мен билбеген эле бирөөгө барып жүрө бериптирмин. Кайдагы даарыларды ичип жүрүп боорумду эзип алган экенмин. Дагы канча жашайт экенимди айтпаса да, оорум катуу экенин ачык айтты. Ашып кетсе алты ай! Алты ай эмнени чечет? Алты айда эмне кылганы жетишем? Жашоого болгон кумарымды кандыра аламбы? Ушул жашка келгенче жашаган эмес эмекенмин, эми араң жашоонун даамын сезип, небере жытына балкып баштаганда ажал келип айламды алып турат. Турат менен Салим бизди таштап кеткенде кудайдан ажал суранып, намаз окуганда дагы тиленип жүргөм. Тезирээк Тураттын жанына баргым келген эле, убакыт баарын дарылайт дешет ко ошондой окшойт. Же мен балдарыма, неберелериме аябай берилип кеттимби, такыр өлгүм келбей калды. Баардыгы жай-жайына келди, балдар чоңоюп өздөрү да балалуу болуп калышты. Азыр илингеним ушул кызым менен Салим болуп жатпайбы. Неберелеримдин го ата-энеси бар, кор болушпайт. Салим кайсы күндү көрөт? Мыкыга баардык жокту артып койсом туура эмес болот окшойт. Байкуш балам мектепти бүткөн күндөн баштап башын түйшүккө тыккан. Ошол бойдон башын бир өйдө кылбай келе жатат. Мыкым жок болгондо көчөдө калмак экенбиз, балдарымдан эс тартып калган улуусу болгон үчүн балам баардык жокту түшүнүп турат. Жашоодо эмнелерди гана көрбөдүк, айтпаганы менен баламдын дагы жүрөгү жабыркады. Мага таянаар аска тоо, коргоочу болуп жүрүп балалыкты дагы көрбөй калды. Адамдардын түрүн көрүп, жакшы жаманды ажыратып калды. Ооба Мыкыга өзүмө ишенгендей ишенем бирок, өмүр бою бир-туугандарын бага албайт да. Ушунун баардыгын ойлосом айлам кетет. Мен жашагым келип калды, ооо кудай угуп жатасыңбы жашагым келет. Балдарымды жалгыз таштап кетким жок, Салим Туратымдын жанында андан кабатыр болбойм, мен дагы Туратка кетип калсам бул балдарым кайсы күндү көрөт? Кызым жалгызымдын төрт шыйрагы куйкаланып жатып калбайбы. Ушул учурда жашоонун канчалык таттуу экенин түшүндүм. Жарым кылым жашаптырмын, угулганы аз болсо да жашап келгенде бир топ эле жыл. Жарым кылымда жашап өткөн жашоом көз алдымдан кино сыяктуу өтүп жатты. Мен бактысыз эмесмин, эч качан бактысыз болгон дагы эмесмин. Болгону өткөн чактагы кыйынчылыктар баары бул жөн гана сыноо экен. Жашоо өзү керемет, мага окшогон акылсыздар жашоосун текке кетирип салат турбайбы. Жашоомдун жарымы эле өзүмө өлүм тилөө менен өтүп кетиптир. Чыныгы жашоого эртеби-кечпи баарыбир барат экенбиз, эмнеге шаштым экен. Кызымдын жаңы турмушка чыгып, кубанып асманда учуп жүргөнүн көргөндө кубанычына ортоктош болгум келет. Салимди чоңойтуп, өз колум менен үйлөнткүм келет. Жок, жашоого тырмышкан деле жайым жок, болгону кара көздөрүмдү кыйбай жатам. Жалган жашоонун таттуулугун дагы да таткым келет. Жашагым келет, жашай бергим келет. Мыкы менин оорум тууралуу мыкты билет окшойт, мени караган көз карашы өзгөрүп кетти. Аяп тургандай, мени карап башкача жылмайат дагы артты карап көз жашын билдирбей сүртүп алат. Баламды барып кучактап алсам дейм, ансыз да эзилген жүрөгүн дагы да эзип кыйнагым келбейт. Чыныгы жашоого кетээримди билгенден бери ойлоно берип, өзүмө камалып алдым. Коргоно берем, бирөө оорум тууралуу билип калбаса экен дейм. Оорума дабаа издейм, үмүт артканым кудай. Өзү берген дартка өзү дабаа береби деген үмүт. Үмүт эч качан үзүлбөйт турбайбы, албетте буйрук деген нерсе бар. Буйругу бар болгон болсо дагы жашап жүрө беришим мүмкүн, бирок догдурлар үмүтүмдү дагы үзүп салышты. Он күн өтүп эле үйгө кетем деп чыгып кеттим. Акыркы күндөрүмдү оорукананын муздак дубалдарында өткөргүм келбейт. Айылыма баргым келди, үйгө барган соң таза абага баргым келет! Айылдагы адамдар алмашып кетиптир, мен билген адамдар чоңоюп кеткенби же картайып кетишкенби айтор айылда жалаң жаштар толуптур. Менин мурунку өткөн өмүрүмдү бул айылда унутуп коюшкандай, эч ким менен эч кимдин иши жок. Өзүмдүн үйүм, өз уям. Ушул күндү кандай сагындым эле, тизеге чейин ылай кечип, ар бир кирпичин Туратка куюшкан элем. Ар бир топурагы мага тааныш, үйүмдүн ар бир бурчу мени кубанып күткөндөй. Мыкы айылга көчөм десем жөн дей албай, же оорумду ачык айта албай кыйналды. Көңүлүмдү карап айылга Салимди алып барып жашашыма маакулдугун берип, көчүрүп келди. Кайрат менен Аку эч нерсени билбейт да, мени айыкты деп көңүлдөрү ток жүрөт. Билдирбей жүрүп бир күн кете берсем кантишет экен. Бир кездерде мен зар какшагандай болотко. Балдарыма андай күндү ыраа көрбөй жатам, кыйынчылыкта гана эмес жакшы күндө дагы балдарым менен бирге болгум келип жатат. Эмне үчүн ажал тилеп какшаганда кудай караган жок, эми жашоо жагып калганда жанымды алганы жатат.? Ошондо тиленгеним кудайга эми жеттиби? Үйгө келип, бир кой сойуп түлөө өткөрдүк. Ал эмес үч баламдын кайын-журту. Айтор үйгө толуп кеттик, элдер майрамдап олтурса менин жаным ооруйт. Ичим кызып, арт жагым ачыша берет. Көп кыймылдай албай калдым, анан түндөрү баламдан жашынып ыйлайм. Кээде ыйлап жатып таң атканын да сезбей калам. Түшүнүп эле турам, канчалык көп ыйласам ден-соолук ошончолук начарлайт экенин. Айлам канча, ушул көзүмдүн артынан ооруга кабылып олтурам. Мага баш бербей эле түндөп- күндөп боздоп жатып боорду дагы эзип салыптыр. Эң башкы душманым ушул өзүмдүн көзүм болуп жатпайбы. Жок көзүм эмес, жүрөгүм, жан- дүйнөм. Жан дүйнөм өксүп жүрөкө даттанат, жүрөк чыдабай ооруп кирет. Оору анан көздөн чыгат, жаш болуп чыгат. Салим уктап калганча жаныма жолотпойм, менден эркелетип турган эскерүү калса балам байкуш өмүр бою эстеп кыйналбайбы. Баламдан жок жерден эле айып таап, урушуп алам. Көңүлүн калсын деп жатпаймынбы, көңүлү калып, кийин көз жашын азыраак агызсын деп жатпаймынбы. Жүрөгү сыздабасын деп жатам. Анан балам уктап калгандан кийин уурданып барып, катуу кучактап жытынан кере жыттап тоюп алам. Беттеринен өпкүлөп, жүрөгүнүн согушун таң атканча тыңшап жата берем. Баламдын жүрөгүнүн согушу мага күч берет, дартымды аз болсо да унутууга жардам берет. Убагында жээрип, бирөөгө бермек болгон балама азыр илинип жатканымды карап кой. Ашып кетсе алты ай деди, толук алты ай деп ишенсем болбойт. Кудайдын бергени, бирок бул кетиш менен алты айга жетпей каламбы! Көптөн бери ойлоп жүргөн жумуштарымды бутуруш керек болду. Кайраттын үйүн баштай албай жүрдүк эле, чыр салып жатып баштатып жибердим. Салимди акырындап Мыкыга тапшырып баштадым, Акуну болсо эстегим келбейт. Кызымды ойлосом эле жүрөгүм титиреп, ичим ылдый тарта берет. Кызыма төркүн керек, Мыкы мыкты төркүн болот бирок, Кайратка ишенбей турам. Катынсаак неме карындашы менен иши болбой калабы! Салимдин болсо айылда үйү бар, бир аз чогулткан акчамды Салимге өткөрүп койдум. Кийин мал кылып алат деген үмүт да. Тың аял туш келсе эле жашоону алып кетет балам. Үч ай өтүп кетти, акыбалым оорлошуп баратат. Үч кадам ары турган нерселерди көрбөй калдым, адамды үнүнөн тааныбасам таануу мүмкүн болбой калды. Бул акыбалымды Салим эле билет, анткени жанымда да. Кайраттын иши дагы жок, Мыкы болсо көрмөксөнгө салат. Эки- үч жолу Казактардын ооруканасына алып барды күчтүү деп, алар деле бир нерсени айтып туруп алышты окшойт, башын шылкыйтып кайра алып келет. Бир даарыларды ичимиш болом, ал деле жардам бербей калды окшойт. Тургум келбейт, итирейген жаным шишиктен аябай жаман болуп калды. Көздөрүм араң ачылат, колдорум жумулбайт. Аку үйгө аябай келгиси келет, мен көнбөйм. Шарт жок демиш болуп качам, чындыгында мени көрүп кыйналбасын деп жатам да. Боюнда бар кызымдын, ушул төрөп алганча турсам жакшы болот эле жок дегенде. Мен дагы таене аталып, анан кызымдын боюнда бар кезинде кыйнагым келбей жатпайбы. Мына арадан күндөр өтүп жатат, чын айтам эсептен адашып кеттим. Көзүм такыр көрбөй калды, төртүнчү айды эсептеп жүргөн элем. Андан бери канча убак өттү экен, менин ар бир төшөктө жаткан саатым кылымга тете болуп кетти. Кеч киргенин же таң атканын сезбейм. Жашоону, жарыктыкты, балдарымдын жүзүн, асманды сагындым. Караңгылык тирүү гөргө кирип кеткендей экен. Менде баардык нерсе барда бир дагы баалабаптырмын. Ден соолук, балдарым бул жашоонун эң кымбаты турбайбы. Өлгөндүн артынан өлөм деп жүрүп максатыма жеттим. Кудай тилегимди уккан кезде жашоону сүйүп калдым. Жашоо мен сени сүйөм, менин дагы жашагым келет. Жарык дүйнөдө дагы жүргүм келет, жашоого тойгонум жок. Бир жолу ойгонсом тегерек тып-тынч. Мен эч нерсени сезбей дагы калдым. Бир эле каалоом болуп турду, менин башымдан өткөн азап күндөр башкаларга сабак болушун эңседим. Жашоону сүйүп, барктап, өзүн сыйлап жашаш керек экен. Бул жашоо көз ачып жумгандай өтүп кетет, жашоого тойбой каласың. Чыныгы жашоодо бизди эмне күтүп турарын эч ким билбейт. Ал жашоо бизге бүдөмүк. Балким ушул күн акыркы күнүм, аны билбейм. Бирок түшүмдө күн сайын шаркыратманын башында турган балам менен Туратымдын жанына тырмышып чыгып баратканым кирет. Жетейин деп калдым, жарык дүйнө, жалган дүйнө сени таштап барам. Балдарым, жакындарым түбөлүккө кошкула. Бирок силердин билишинерди каалайм, мен силер менен болгум келет. Бул чыгармада бир адамдын кырк сегиз жылдык өмүр баяны баяндалды. Бирөөгө сабак болоор, өлгөндүн артынан өлмөй жок дейт. Кудай кандай сыноо бербесин сабыр менен карай билели. Кайраттуу бололу, жашоо улана берет. Башкы каармандай бул дүйнөдө жок адамга күйүп жүрүп өзүбүздү дагы түгөтүп албайлы. Бизди жакшы көргөн жакындарыбыз бизди жоготсо бизге окшоп жаман акыбалда калаарын ойлоп койолу. Дарика тууралу болсо азыркы күндө бул жашоодон кете элек, дареги, аты-жөнү сыр. Чыгармага көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Кайраттын мугалими үйгө келип, бир сыйра урушуп кетти. Мен эмне демек элем, унчукпай гана туруп бердим. Кайрат болсо кетип калды сөзүн укпай эле, мугалими өйдө жака жеткирем дейт. Жеткирсе жеткирсин, баланы жакшы карай албаган күнөө жалгыз менде эмес, мугалим дагы өзүнө сөз тилеп алат. Өзү уруш угат, бир чети жиним келет эмне бойго жеткен бала да, үйлөнсө эмне болуптур деп. Үч ай чыдаса экинчи курсту да бүтөт, анан тойду кыла берсек болот. Сайрага куда тарап жакпай, жаман болуп калды. Күйдүрүп кетпесин, Шуруга эле канча болдуңуз кан жутуп. Шуру го өз канын жуттуруптур, бул деген башкалардын канын жутчудай. Анан көпкө деле чыдабайт го, кетип калчудай эле сезилип жатат да. Жакшынакай эле болуп турбайбы, төркүнү не болсо ошол болсун алар менен жашамак беле. Мурункудай боорукерлик кылам деп кайра башыңызга балээ тилеп албаңыз дегеним. Силер өзүңөрдү ойлогонунар менен жаштар эмне болот. Же тойдон же чептен дайын жок кыйналышат. Кийин сиздин сөзүңүз кыска болуп калат, септи өздөрү билишсин сиз астыга түшүп коюңуз. Той эмне өзүн-өзү жабат, ойлонбой эле коюңуз. Туугандар чогулуп кеңештик, жетимиш миң сом, бир жылкы, үч кой менен астыга бармай болдук. Куда аны угуп алып чалкасынан кетти, сүйлөштүк эле го дейт. Акыры сеп бербесеңер дагы ыраазыбыз, болгону жаштардын көңүлү калбасын дедик! Астына түшүп келдик, эми тойго даярданып жаттык. Кайрат экинчи курсту бүттү, тойго дагы жакын калды. Биринчи келинимден экинчиси, экинчисинен биринчиси өтүп жакшынакай тим эле. Кантсе да балдарымдын туугандары деп кайын-журтту дагы чакырдым. Ошончо жылдан бери эмне туура, эмне туура эмес экенин түшүнүшкөнбү же Мыкы менен Кайратты өз каныбыз дештиби, же Тураттын арбагын сыйлаштыбы айтор тойго кайненем, кыздарын, балдарын алып келиптир. Аларды көрүп алып ыйлап жибердим, ушул жакшылыктарды Туратым көрсө болбойт беле? Ушул тойдо өз келинчегин буралта жасантып Салимим да турса болбойт беле. Арман дүнүйө экен, бир чети кубансам экинчи жагынан өксүп турам. Кайненем дагы араң турган экен боздоп жиберди, баардыгыбыз кучакташып ботодой боздоп алдык. Кудалар, тамада түшүнбөй турушту. Анан барып тамадага баарын түшүндүрдүм. Унчукпай туруп тойду ачуу аземин кайненеме тапшырды. Кайненем байкуш оозуна сөз келбей ыйлап гана туруп берди. Анан сөз кезегин мага берди эле, болгон күчүмдү жыйнап нечен жылдар бою чогулткан сөздөрүмдү айтууга чыктым. Кудайдын буйругу экен бир эле күндө эки балам өздөрүнүн чакан мамлекетин куруп жатышат. Жүрөгүм толкундап көкүрөгүмдөн чыкчудай болуп турат, ойлогон ой максаттарыңарга жетип, өнүгуп өсө бергиле. Бул тойго күбөө болуп жаткандардын арасында кыйын күндөрүмдө менин жанымда болгон, баа жеткис жакындарым бар. Сиздерге миң таазим, ошондой эле кыздарын багып, тарбиялап мага тапшырып жаткан куда-кудагыйга таазим. Буйруса келин эмес кызымдай кылып алам. Азыр чексиз кубанычка батып турсам да, жан дүйнөм өксүп турат. Ушул балдардын жакшылыгында той башчы болчу Турат жок. Биздин атабыз, биздин таянар аска-тообуз жок. Балдарымды атасыз атка кондурбай тойго келип, колдоо көрсөтүп берген мына акелерине ыраазымын. Буйруса жакшылыктарда кайтаралы, тойго кош келипсиз конок. Дагы миңдеген саптарды даярдап барган элем, баарын унутуп койдум. Ыйымды ичиме жутуп, ушул сөздөрдү араң айттым. Микрофонду берип, ошол жерде тура албай эшикке чыгып кеттим. Таза абада туруп ыйлап-ыйлап алдым. Артымдан Аку чыкты, анан балдарым чыкты. Бизди өздөрүнө келип алсын дештиби артыбыздан чыгышкан жок. Бир нече мүнөт кучакташып ыйлап анан кайра кирдик. Апам сүйлөп жатыптыр, сөздөрү кулака деле кирген жок, ары-бери басып конок тейлеп алаксып кеттим. Ошентип той жакшы өттү, балдарымдын достору артисттерди алып келишиптир, айтор баары шаңдуу өттү. Той аяктаган соң конок узаттык. Анан келиндерим үй кийимдерин кийип чыгышты, дасторкон жыйнандык, эсептешип анан үйгө түн бир маалда келдик. Үйгө келсек үйдө апам, кайненем, кайнеже, кайнилерим олтуруптур. Байкуш апамдар менден кечирим сураганы келишиптир. Ак ийилет, бирок сынбайт деген чын экен. Мен ийилдим, жер менен бир болгуча ийилдим бирок сынган жокмун. Балдарым бар экен бутка туруп кеттим, алсыздыгымдан пайдаланып, мени кордогондор өздөрү оңбой калышты. Кайын-журтум болсо Салимди Тураттын көчүрмөсү экенин көргөн соң баладан айланып-тегеренип гана кетишти го. Кудайга шүгүр, актыгым далилденди, булганган атым кайын-журттун алдында ордуна келди. Кудай мага кайнене болуу бактысын берди, буйруса жакында неберелүү дагы болом. Бир-туугандарым, балдарым аман-эсен, оокатыбыз кудайга шүгүр бир топ оңолуп калган. Кайнежелерим биригип жанагы айылдагы өзүбүздүн үйүбүздү, өз баасына кайра сатып алышыптыр. Үйдүн ачкычын Кайратка белек кылышты. Мээнет менен курулган үйүбүз өзүбүзгө буйруган экен, мынтип кайра өзүбүзгө келди. Үйдүн акчасын күйөө балам жеп салбады беле, кудайдын көзү түз дейт мына мынтип кайнежелерди себеп кылып кайтарып койду. Кайратты айылга барып жаша, мал кылып беребиз, машина алып беребиз десек эле чанкасынан кетти. Келиним мурдун бир чүйрүйт, шаарда жашагысы келет экен. Мыкы айыл дегенде өлүп турат бирок, ал кетип калса биз кантебиз. Баарыбызды баккан ушул болуп жатпайбы, Кайрат болсо дагы деле жаш баладай эч нерседен ою жок жүрөт. Бизди ойлосо айтпай аял ээрчитип келмек беле, эмне дешти деле билбейм. Келиним окуйм деп чыкты, Кайратка өзүң бил дедим. Өзү каалагандай жашасын, кийин бир нерсе болсо мени күнөөлөбосүн деп квартирага бөлүп салдым. Өздөрү үй -жай кылып алышсын, колумдан келсе кылып бермекмин колумда жок да. Кантип Мыкынын оокатын жулуп алып Кайратка берем. Мыкы деле Салим бой жеткиче эле бизди багат, бизди бакканча өзүнө дагы үй-жай кылат. Мен калыс эле болуп жатам, үй Мыкыга калган жок. Экөөнө тең өз оокатынарды кылгыла дедим. Кайра Мыкы бизди багып да жатпайбы, баламдын акылы жетсе түшүнөт, жетпесе эмне демекмин. Өмүр бою буларга жөлөк боло албаган соң өздөрүн өздөрү эптей беришсин. Мен деле жөн олтурбай ошол Мыкы ачкан жаңы цехте үтүктөп иштеп жаттым. Аз болсо да кол кабыш да, баарыбыз эле ошол жердебиз акчаны өзүбүз алалы деп. Бирок чын эле кичинекей келиним куйчуке чыкты, Кайрат эки күндүн биринде мага катуу тийип кетет. Ичимден аа балам, атаң өлгөндө он эки жашта калып, биздин тарткан азаптарыбызды унуткан турбайсынбы, унутпаганында бул сөздөрдү айтуудан мурун миң ойлонмоксун деп койом. Таарынгым келбейт, эне балага таарынса баланын жолу жабылып калат дешет ко. Таң калам да, тогуз ай ичиңде, үч жыл колуңда, өмүр бою жүрөгүңдө көтөрүп өстүргөн жан балаң кантип аялынын сөзүн туура көрүп кетет. Менин он сегиз жылдык мээнетимди аялы бир жылга жетпей унуткарып салдырды го. Ичимден келиниме сен дагы балалуу болгондо түшүнөсүң деп алам. Бирок, ашыкча сөз айтпайм. Балдарым урушуп кетсе, мага эле кыйын болот. Баламдын келечегине балта чабылат, жүрөгү ооруйт. Айла жок, унчукпай гана баардыгын көтөрүүгө ыраазымын. Күнүбүз кадимкидей эле уланып, үй- бүлөбүз бир эмес эки башка толукталат экенине кубанып турдук. Салим дагы мен байке болот экенмин деп сүйүнөт. Мен өзүнчө эле ооруп баштадым, башым тегеренип, көзүм тунарып, ичим эле сыздаап ооруп турат. Билдирбегени аракет кылам, балдарым мен үчүн убайым тартканын каалабайм. Жүрөгүм бир маалда катуу мыжыгат дагы денемди бүт муздатып жиберет. Жашырынып догдурга барсам суук өткөн деп эле толтура даары берди. Ошону ичип жүрө бердим, үч жыл ошол даарыларды үзбөй ичтим. Үч жылдын ичинде Мыкы эки уулдуу, Кайрат бир кыз, бир уулду болду. Аку болсо бой жетип, мектепти аяктады. Салим болсо үчүнчү класстын окуучусу. Мыкы өзүнө шаар четине үй салып, Кайраттарды жашатып койду. Кайрат базарга чыгып кетти, Мыкы аялдарга, кичинекей кыздарга, жаш кыздарга чактап көйнөк тигет, Кайрат болсо сатат. Экөөлөп иштеп мына быйыл Кайратыма үй тургузганы жатышат. Төрт неберемдин тушоо тоюн үйдө эле чоң кылып бердик. Эмнегедир үч жылдын ичинде катуу картайып кеттим. Элүүгө чыга элек жаным жетимишке чыккан кемпирдей болуп калдым. Мыкы ичип жаткан даарыларымды жаман карап койот, кээде башка догдурга растап көрсөтүп жакшы даарылантам! Мен көнбөйм, баардык жакта эле догдурлар бирдей, даарылантып жатпайбы дейм. Эч барбай койдум, бекер кылган экенмин. Акыркы жылы өзүмдү аябай жаман сезип кеттим, жерге эле тартып туруп алды. Жаным жерге тийсе эле жыргап калат, мурункудай иштебей дагы койгом. Үйдө неберелеримди карайм, Салимди мектепке жиберем, балдар жумуштан келгенче тамак жасайм, кээде кир жууп койом. Өлбөстүн күнүн көрүп калдым, Аку кызым болсо окубайм деп такыр көнбөй койду. Мейли бир жыл эс ал, анан жок дегенде тигүүчүлүк кесибин аркала дейм. Анан кийинки жылы сөзсүз окууга тапшырмай болуп келиштик. Кызым калп эле өзүнө жол ачкан экен, ашыгы бар экен. Эки жаш быйыл үйлөнөбүз деп сүйлөшүп алышыптыр, каникул болгонуна бир ай ашпай үйгө куда келди. Акубайыма куда түшүп келишиптир, жүрөгүм түшүп калбадыбы. Апеей кызым жаш деп койом, бирок он сегизге чыгыптыр, мен мындай кезимде Мыкыны кучактап, Салимди ичиме түйүп калгам. Ичим ачышты, кичинекей кызым бирөөгө бүлө болуп кетишин ойлосом чыркырап жиберем. Кайраттын аялы деле араң он тогузда, эки баланын энеси болуп олтурат тигине. Өзүмдү канча алаксытсам да баары бир кызымды бергим келбей, кыйбай турдум. Кайненем менен апамды чакырсам бат эле жетип келишти. Анан мени тилдеп туруп, алып келген сөйкөнү Акунун ыраазычылыгын сурап, салдыртып салышты. Көнөт экенсиң, келин алган жакшы турбайбы үй-бүлө чоңойот. Ошондо барып эки келинимдин ата-энесин түшүндүм. Кызым деп эле чыйпылыкташса, мен кул кылып жатамбы деп жаман көрчү элем. Көрсө эне үчүн бой жеткен кыздары деле бала бойдон калат тура. Эки күндүн ичинде кызыма бахмалдан төшөк толтуруп тиктирип, кабытып салдык. Кудалар тойду белгилеп кетишти, биз дагы кыз той кылмай болдук. Жалгыз кызымды үйдөн узаткым келет, атасы болбосо дагы агалары турат, жоктугун билдирбей тойду жаркыратып берели. Кыз той дагы келип, Ресторанга коноктор келе баштады, өзүмдү аябай жаман сезип араң олтурдум. Той башталып, жакшы өтүп жатты. Тойдун ортосуна келгенде кулагым укпай, жер тегерип кетти. Ушунча келген элге уят болбоюн деп өзүмдү колго алууга аракеттенип жатсам да болбой жыгылып калдым. Кулап баратканымды билем, көзүм караңгылап кеткен. Андан кийинкисин башка билбейм. Канчада ойгонгонумду билбейм, догдурда экенмин. Дароо кызымды тою эсиме түштү, эртеси эле үйлөнүү тойлору болмок. Мен үчүн токтоп калган жокпу? Кызымды оорумдун айынан эң бактылуу күнүнөн кур калтырган жокмунбу? Эки жагымды карасам эч ким жок, көөпкө жаттым. Суу сурагым келет, үнүм эч чыкпай койду. Ичимден бакырып жаттым, сыртка шыбыр чыкса кана? Ушунчалык жамандыктан кийин жашоону жаңы барактан ачкым келди. Мыкы менен кеңешип, Шурунун жылдыгын Нарында эле өткөрүүнү чечтик. Ата-энеси кечирген соң баардык туугандары жылдыкка катышканы туурадыр. Ушул айдын аягы барып өткөрүп келип, анан кийинки айдын баштары жаңы келиним Ырыс менен Мыкынын үлпөт тоюн эл сыяктуу чоң Ресторанда өткөрөлү! Бир четинен Мыкынын тоюн Шурунун туугандары укса кандай акыбалда калат болду экен, ал үчүн дагы бир топ убайым тартып жатам. Элге уят болбойбузбу дейм да, антейин десем тээтиги беш балалуулар дагы жылдыгын беш айда өткөрүп, төшөгүн жаңылап жатпайбы. Мыкы эмне жыйырма беш жаштагы жигит. Күтүп турсак да болмок бирок, азыр баса калып үйлөнтүп салбасам бара-бара үйлөнүүдөн качып, көпкө бойдок жүрүп калабы деп корком. Шурунун боюнда болуп келгенин достору дагы билип калды да, Мыкыга ар кандай сөз ыргытып тийишип жатышкан окшойт, намыстанып тез эле үйлөнүп алды го. Ырыс аябай жакшы келин экен, кылган иши арбыган, дайыма кийген кийими таза, жаткан төшөгү таза дегендей. Болгону кичине түнт экен, жарылып баардык нерсени айта бербейт. Бүт ичине жута берет. Ырыска баарын түшүндүрүп, Шурунун жылдыгын өткөрүп келүүгө Нарынга жөнөдүк. Апам, мен, Сайра, Мыкы, Баатыр агам болуп. Унчукпай эле бардык, анткени жаназаны дагы өткөрүп, жылдыкка дагы чабыласынарбы деп куда көнбөй коймок. Биз барсак эле таң калып калышты. Мыкынын үйлөнгөнүн угушса керек, куда кут болсун деп мени куттукташты го. Чынында уялдым бирок, бул жашоо экен да. Куда тарап деле жакшы эле ой менен айтышты окшойт, жүзүнөн эч таарынуу байкаган жокмун. Биз айтпай дебей эле Шурунун жылдыгын өткөрүүгө келдик. Жылкы мына сарайда байланып турат, ошонун бирөөсүн сойобуз. Эмне кызым үчүн сойбой горумо алып кетмек белем. Силер бизге үйүңөрдун эшигин ачып берсеңер болду. Апам менен куда келишип жатышса ары жактан кудагый ыйлап жиберди. Мен дагы Шурунун кылыктарын эстеп, ыйлап жибердим. Барып кучактап, бир сыйра эскердик. Муштумдай кызыма кичинекей жер табылбай койдубу? Ааламга батпай, чыныгы жашоого кетип калдыбы. Шурунун урматына союлган малдар, ушул баласынын бешик тоюнда союлса болбойт беле. Өлүп алып, эми жыргап жатасыңбы кызым? Мени ойлогон жоксуңбу кызым, жаркыраган келечегиңди көрө албай, шайтанга алдырып койдуң. Ушул балада болсо кеп, берип жаның тынса болбойбу. Сабыр кылалы, балам дагы сыздап жүрөт. Кызымдын эле шоруу, кызымдын эле шору. Кызыңды ушулар өлтүргөнсүп док урунасын да, жап дедим! Келини ыйлаган бойдон кирип кетти. Мыкы өзүнчө аябай капаланды, ортодогу бузукулар үйлөнгөнүн дароо жеткирген тура. Кантип той кылабыз деп ойлонуп калдым, үйгө киргим келбей нан ооз тийип базарга бармай болуп калдым. Бүгүн базарлык кылып, эртең даярданып туруп бүрсүгүнү жылдыкты өткөрүп кетип калсак жакшы болмок. Эне да баарыбир, кызы үчүн күйүп жатат. Мен аны жакшы түшүнөм, таарынбайм. Мен деле баламды жоготуп көрбөдүмбү, тирүүлөй эле тозоко барып келгендей болосуң. Кудай, бир эле нерсени суранат элем өзүңдөн. Энени баладан, баланы энеден эч качан айрыбачы суранам. Баласын жоготуп, боздогондордун акыркысы биз болуп калалычы. Душманыма дагы ушул күндү ыраа көрбөйм. Чын эле тирүүнүн жашоосу улана берет экен. Баягы беш күндүк калган наристе там-тун басып калыптыр. Кудайды калыс дегени ырас экен, бул бала менин балам Мыкыга окшош экен аябай. Эл эч качан күмөн санамак эмес экен, эгер тигилер келип абийирди ачып талашпаганда. Эмне деген түрлүү адамдар бар э, мына Шурунун баласын талашып эмне болду. Ымыркайды энесиз, менин баламды аялсыз, ата-энесин сүйүктүү, эрке кызсыз калтырды. Өзү барып түрмөгө жашынып жаны тынды. Ызы-чуу болуп жатып биз дагы базарга кетип калдык. Татуу, кийиттин баарын борбордон алып келген элек, азыр болсо ошол калган майда баратын ташып келдик. Биз шаарда жүрүптүрбүз да эч нерсени билбей, айылда жакшы экен. Белге кубат берип, күч болгон бул эл экен. Көчөнүн эркектери жылкыны жыга чаап союп, жиликтеп казанга салып ташташты. Келиндери болсо эки кап унду арыдан-бери жууруп, ачытып конок үй толтура боорсок кылышты. Салаттын түрүн жасап, жер-жемишти мол коюп дасторконду титиретип салышты. Мен оюмда кудагый экөөбүз өлгүчө жүгүрөбүз дегем. Андай эмес эле, бизди олтурган жерибизден кыймылдатпай баардыгын өздөрү зымпыйтып салышты. Бири-бирине эрегишпей, күлүп гана жүргөн келиндерди көрөсүң. Кээде уккандарым бар, баланчанын келини антип, анан түкүнчөнүкү мынтип дегендерди. Ошондо ушундай начар келиндер кайдан чыгат деп таң калчымын. Көрсө баардык эле үйдөн жакшы кыз тарбияланып чыгат экен, болгону барган жеринде кайненеси эптей албагандар экен деп койдум. Себеби шаардан алып келген келиндер деле жаркырап жүрөт тигинтип. Келин жаман эмес, келген жери жаман дейт беле. Мен ошондой го деп жыйынтык чыгарып койдум. Чын эле айылга кылганыбыз жакшы болгон экен, эл аябай келди. Шаарда болсо эмне саналуу туугандар келет болду. Эң башкысы ушунун сообу Шуруга тийип, жаны жай алып калса болду. Эки күн туруп дагы, биз шаарга кайтып келе бердик. Үйгө келсек Кайрат жок экен, Ырыс бизге тамак асып олтуруптур. Үйдүн тамагы башкача да баарыбир, тамактанып алып уйкуга кеттик. Бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти үйдүн ичи. Жүрөгүм шуу этип, чыгуудан корком. Жаман кабардан ушунчалык коркуп калыптырмын, бир нерсе болсо эле жүрөгүм шуу эте түшөт. Анан Ырыс чуркап кирди, биз Салим экөөбүз уктап жаткан элек. Жана Кайрат телефондо айтса тамаша экен деп жатып алган элем. Көрсө чын айткан экен. Түшүндүрүп айтчы айланайын, жүрөктү түшүрбө кокуй. Сизге тамашалабайм эч качан. Кууп келсе эмне дейм. Кыз эмне деп жатат, карадыңбы деги. Эмне кылышты билбейм, тайненди алып келгиле. Мен өзүмдү колго ала албай жаман болдум. Он биринчи классты быйыл аяктамак да Кайрат. Тогузунчу класстан коледжге өтүп алып билинбей калды. Өзү араң он сегизде болсо балам, келин канча жашта экен деп ойлоном. Мыкыга той кылган жатсак бул катын эрчитип келиптир. Мыкы өзүм окубасам да Кайратты окутайын деп жүргөн эле да. Мыкы апама барса гилейип алып келин ала албайт экенби, мен тойуна барам деп келбей коюптур. Куураганымды айт, эмне кылышты билбейм. Сандыктан колума илинген жолукту алып чыгып баратсам, Ырыс өзүнүн жакшы ак жоолугун алып чыгып берди. Анан барып башына жолук салдым. Жапжаш кыз, мөлтүрөйт тим эле. Унчукпай олтурат, экөө бири-бирин жактырышат окшойт. Келиним унчукпай койду, эшике чыксам Ырыстан өзүм жооп берем деп айттырып жибериптир. Кичине тынчып, камыр жууруп баштадым. Казанга от жагып, боорсок жасап баштадык. Баатыр агамдын үйүндө койлорум бар эле, ошонун куйруктуусун машинага салып, жыйырма миң акча менен ачуу базарга жөнөдүк. Ата-энеси кызынын үйдө эмес экенин да билишпептир, таң калып аябай жаман болуп кетишти. Кулдук уруп эле, үйүнө кирип олтуруп алдык. Байкуш атасы кызым он алты эле жашта болчу! Менин балам дагы жаш экенин айтып жатам, кызынын кол катын карматтым. Алып барган таттуулар, арактар катуу сынга алынды. Туугандары адам тенсинбегендер экени көрүнүп турду. Туугандарын тартса бул келиним дагы ушундай герсейген неме болот да эми. Айла жок балам жетелеп барса кантип кабыл кылбай койом. Айжанды бизге берүүгө ыраазы болуп, артынан куугунчу жиберди. Куугунчуларды дагы сыйлап, кийитин кийгизип узатып жибердим. Ошондо апам айтып калды, жанагы Ресторандагы боло турган Мыкынын тоюнда Кайрат экөөнү тең үйлөнтобуз деп. Бизге кайра жакшы да, кош той болсо мен кандай бактылуу болом. Уландысы бар Жашагым келет. Азыр Шуру тирүү болгондо өзүн туугандарынын алдында актоо үчүн, бир нерсе айтмак. Балким актануунун ордуна, кайра жинденип терс бурулуп кетмек. Эмнеге дейм да, дайыма кылмыш кылган адам эмес ошол кылмыштын жабыр тартуучусу жоопко тартылат. Мен Шуруну такыр актаган жокмун, атасынын таарынып жатканын дагы түшүнүп турам. Кайсы ата кызынын мындай болушуна жөн гана кол шилтеп койот. Убагында жеңил ойлуулука алдырып, кийин эсине келгенде баарыбир кылган катасынын кара тагы чекесине кеткис болуп басылып калып жатпайбы. Мындай кара тактуу адамдарды, баардыгы сөөмөйү менен гезеп көрсөтүп, ушул тактын себебин дайым эске салып турушат. Айткылачы мындай жагдайда жашап кетүү оңойбу? Эмнеге, өз башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөнүбүз көргөн? Ар бир адамдын адашууга укугу бар, бирок бир адашуусу үчүн кээ бири өз өмүрү менен эсептешип жатпайбы. Мына менин Шурум, өз жанын кыйып берип кутулду. Жанын алгыча тынч коюшкан жок, эми эмне кыласыңар жырткычтар? Сенин төшөктө жаткан кыймылсыз балаң сага кандай кымбат болсо, Шуру дагы ата-энесине, күйөөсүнө, мага, жаңы төрөлгөн баласына ошончолук кымбат болчу. Шурунун өлүмү сага утук алып келген болсо, бизге түбөлүк караңгылыкты алып келип жатат. Бул күнөөсүз наристеге жетимдик алып келип жатат. Кийин, энеңди мен өлтүргөнмүн, сени тартып алуу үчүн аргасыз болгом! Бир өмүрдүн баасы менен алынган небере, баккан адамдарына ыраазы болобу? Баардыгы унутулуп, бала жакшы тарбияда өссө анда балким үмүт бардыр, эгер бала жүрөгүндө толо ыза менен өсүп калса анда бул заманга дагы бир бузукунун кошулуп жатканы эмеспи. Кудай кантип ушундай адилетсиз нерселерге жөн карап тура алат? Бирок дайым адилеттүүлүк, жакшылык, боорукерлик, барчылык боло берсе баркын билбей калбайбызбы. Жараткан дагы бирөөнү карап тообо калсын дейт экен да. Азыр жүрөгүм токтоп калчудай жаман болуп турат, Шурумдун жансыз жатканын элестетсем эле денем титирейт. Айткылачы кантип он тогуз жаштагы секелекти муздак жерге ыраа көрөм.? Кече баламдын кучагын жылытып, бакыт тартуулаган кызды жерге тарттырып койомбу? Ээх, жаштар каарыбас, каарылар өлбөс болсо эмне. Баладан энени, энеден баланы ажыратпа замана. Өлгөндүн өзүнүн шору, анан эненин шору. Бешиктеги бала эптеп чоңойот, эркек үйлөнөт, бир-туугандар өз үй-бүлөсүнө алаксып кетет. Бир гана эне байкуш өзү жерге бармайынча ыйлап өтөт. Ушундай нерседен соң адамгерчиликке ишенбей кетем, мен дагы таш боор болуп жаман адамдардан өч алгым келет. Колдон келбейт, жүрөк чыдабайт. Сайра экөөбүз бирде ыйлап, бирде соороп эптеп олтурдук. Кыргызда бар эмеспи тирүү кезинде көрсөтпөгөн сыйды, өлгөндө көрсөтөбүз. Ошондой сыяктуу эле биз дагы боорсок жасап, жылкы сойдук. Сайра таң атпай базарлык кылып келди. Түштөн ооп барып Мыкы достору менен Шуруну алып келишти. Алардын артынан эле кошуналар, туугандар жабылып жетип келишти. Боз үй тигилип, үн чыгарып баштадык. Элдин баары эмне болгонун сурап жатышты. Эмне деп жооп беришти билбей башым катты. Ажал экен деп кутулдум. Милициялар иш козгоптур, Мыкы экспертиза кылдырбоого миң аракет кылса да, болбой коюшуптур. Мен бүгүн койобуз деп болбой койдум, себеби сууда бир нече күн жаткан сөөк жаман болуп баратыптыр. Сууга чөгүп кетти деп ачык айттык бирок, сууга өзүн өзү таштаганын айта алган жокпуз. Себеби жаназа окулбай калуусуна жол бере албайм. Күнөөсүн өзүм тартайын, бирок Шурунун эки дүйнө ортосунда түбөлүк каңгып калышын каалабайм. Баардыгы чочулап жуугандан качып кетишти. Өзүм сууга алайын деп жатсам Сайра токтотуп калды. Шурунун туугандары үч машина болуп келишиптир. Байкуш апасы ишенгиси келбейт, атасы дагы бетин жеңи менен жаап алган. Өпкөлөрү көөп калганы көрүнүп эле турду. Биз Шуруга жолотпой алдын тородук, анткени араң турган апасы көтөрө албайт болчу. Кантип эле өлүп калат? Кызым, ичиңе жутуп жүрө берген экенсиң да э. Мени ойлосоң болбойт беле, мени аясаң болбойт беле. Шуру биздин намысыбызды ойлоп ушундай жолго барган болсоң, туура эмес кылгансың. Эгер биздин сен үчүн уялганыбызды көргүң келбесе айтсаң болбойт беле. Сени көрбөсүн деп атаң экөөбүз тең биринчи өлүүгө ыраазы элек. Сенде күнөө эмне айтчы? Күнөө мына менде, күнөө мына бизде. Намыска бек кылып тарбиялап койгон күнөө бизде гана. Жанагы бетпак болуп өскөндөр жыргап эле жашап жүрүшөт, жок дегенде ошондой бетпак болуп калсаң болбойт беле? Кара жерге башыңды катып албай, жашап жүрө берсең болбойт беле кызым. Айласыз экенбиз, Шуруну жоготуп алдык. Көп ыйлаба, шүгүр кыл. Сөөгү табылып калганына шүгүр кылгыла. Мен сүйлөй албай аптыгып калдым. Бирок жашоодо жакшы адам эле, бир мүнөттүк алсыздыкка алдырып койду. Кудай кечиримдүү, кечирет дейт. Кудайдын алдында сиз эч ким эмессиз туурабы, кечирбей коюуга акыңыз жок. Кудайдын буйругуна каршы чыга албайм, сиз туура айтып жатасыз кечирүү, кечирбести кудай өзү чечет. Мен кудай үчүн чечим чыгара албайм, кечиргиле. Молдо унчукпай кадамын тездете берди, эмне дешти билбей калдым. Суранам кудай үчүн кетпенизчи. Молдо артка кайтып келип, үйгө кирип кетти. Мен, Шурунун апасы анан ушул кошуналардан бир кемпир сууга алууга кирдик. Сууга алып жатканда ыйлабайт дейт аны жакшы билем, бирок көз жаш бизге баш бербей жатпайбы. Биринен бири ашып чыгып жатпайбы. Азыр мен кудагыйды жакшы түшүнүп турам, кызы менен бирге кучакташып жатып алгысы келип турат. Айласын таппай жатат болгону. Жарым саатта бүтүп, сыртка чыгып кеттик. Анан Мыкы дагы бир- экөө кирип гилемге ороп эшике алып чыгышты. Молдо чыгып жаназасын окуп, жайга алып кетип калышты. Байкуш эненин сыздаганы ай чачтарын жулмалап, төшүн аймалап жатты. Көкүрөгү кадимкидей кан жалап, колуна уч-уч чач үйүлүп калды. Айла жок тез жардам чакырдык. Укол атып алып кетишти, бирок кайра эле келип алыптыр. Кимге жалган кимге чын үч күн бир дагы басылган жок. Адамдан үч күн токтобой жаш чыга берет экен. Колдорун кармасам күйүп жатат, колунан эле жүрөгүнүн соккону сезилип жатат. Күйүттү эч кандай даары айыктыра албайт. Айла кеткенде төшүнду тытмалап жибересин, эң жаманы бул күйүт жан дүйнөнү өрттөгөнүн койбойт. Бир мүнөт дагы басылбайт. Ичимди куйкалаган бул жалын аркы жашоого да чогу кетсе керек. Өлүп көргөн эмесмин дегендей, бул күйүт качан анык өчөөрүн өзүм да билбейм. Элдер тарап, бир топко тынчып калганда анан өзүбүзчө сүйлөшүп баштадык. Эмнеден башталып, эмнеден бүткөнүн баардыгын төкпөй-чачпай билип жаттык. Шурунун арбагын нараазы кылбай, баланы өздөрү алып багышмай болду. Толкундун атасын болсо бала уурдоо, коркутуу, адамдын өмүрүнө зыян келтирүү, өз жанын кыюуга түздөн түз себепкер кылып сегиз жылга эркинен ажыратышты. Ошентип арабыздан дагы бир адам азайды. Мыкыны колу айыгып, кайра жумушуна толук кайтты. Өзү аракеттенип Кайрат экөө өз алдынча жумуш башташты. Биринчи укканда каршы болуп жаттым. Анткени эки бала, бир кызы бар өгөйдун иши өгөй эмеспи балдардан чочуркадым. Дагы балалуу болсо, берки балдары жолдо калабы деп кооптондум. Бирок алып келген аялын көргөндө ойдон кайттым. Тим эле керилет, сыйды жайына койгон тил билги экен. Апамды караганы бир шумдук. Жетим чоңоюп алыс туугандары күйөөгө берген экен. Бир балалуу болгондо баласы чарчап калыптыр. Кийин күйөөсү дагы кырсыктаганбы билбейм, кыскасы жалгыз бой ыйманга катуу берилген аял экен. Көрсөң көңүлүн сүйгөн адам болсо жакшы да, ыйманы жылуу болуп турса мен дагы ыраазычылык бердим. Баатыр агамды аялга жарабай калды деп мурунку жеңем ырдап жүрдү эле, калп окшойт. Жеңемдин келгенине беш ай болот, ичи кичине билинип баштаган. Албетте биз кубанып эле жатабыз, ар бир бала өз ырыскысы менен болот да. Жамандыктын артынан жакшылык болоору анык кеп, биз дагы ошол жакшылыктан үмүт үзбөй жашап келе жатабыз. Жашоо ушуну менен бүтүп калган жок, жашаш керек. Жок дегенде тирүүлүктүн белгисин кылып койуш керек. Бир күнү баарыбыз бир жерге барабыз, келечектеги үйүбүз баарыныкы окшош. Кээ бир адамдын ичкени, кийгени эле биздикинен кымбатыраак болбосо келечегибиз окшош. Ошол үчүн ар бир адам азыркы байлыгына чиренбей, эртеңкисин ойлосо кандай соонун болмок. Мыкыны үйлөнтүү керек, отузга чыга элек жаш бала аза тутуп дагы канча жүрүш керек? Мына жакында бир жыл болот Шурунун биздин арабыздан кеткенине. Шуру байкуш кызганчаак жан эле, эгер Мыкы үйлөнсө бир оодарылып кетсе керек. Бир четинен Мыкыга дагы кыйын болуп жатпайбы. Бизге билдирбегени менен баардыгын ичине жутуп, сыздап жүрөт. Кээде түндөсү онтогон дабыш угам, бул дабыш Мыкымдын дабышы. Жан дүйнөсү ооруганда өзү байкабай онтоп жиберет да, мен шашмак деле эмесмин. Ойлогонум үйлөнүп калса, ичиндеги дарты басаңдап, бир аз болсо да жеңилдейби деген элем. Өзүм айтуудан корктум, бир нерсени туура эмес түшүндүрүп аламбы деп чочуладым. Апам менен Сайраны үйгө чакырып, баарын түшүндүрдүм. Туура сөздөрдү тандап, үйлөнүүгө көндүргүлө! Апам дагы туура түшүндү, дасторкон жайып Мыкынын келишин күтүп калдык. Адаттагыдай эле саат кечки ондон өтүп келди. Келер замат апам тамагын кырып калды эле токтотуп койдум. Анткени тамактанып алгандан кийин айтпаса дагы тамак жебей койот. Шаңдуу олтуруп курсакты тойгузган соң апа кайра баштады. Аза күтүү жаш балага шарт эмес, мына бир жыл болгону калды ансыз деле. Батыраак келинчек таап үйлөн эми, жалгыздык кудайга гана жарашат. Мени сыйласаң бир каршы сөз айтпай, тез арада үйлөнөсүң. Бирок, эми мага ким тийет? Аялы өлүп калган неме деп күйөөдөн чыккан эки-үч балалуу аял тийбесе. Эркеке жараша берет, колуңдан келсе жаш селки таап үйлөн. Мунусунда эч ким сага муну же тигини аласың дебейт, өзүң эрчитип келгениңе ак жоолук салабыз. Айылга барабыз дагы күйөөгө тийчү кыздарды карап көрөбүз, сага жакканына куда түшүп, дароо алып келебиз. Апам өзүбүздүн айылга бара албай калганыбызды эстен чыгарса керек, айтып алып ыңгайсыз болуп кетти. Дагы тапкыч экен, алдыңдан чыккан айылга кирип катар менен тандайбыз! Сайра күлүп жиберди, эмне силерге атам заман беле алдынан чыккан кызды калпак менен чаап, жыгылбаса алып кеткендей! Апамдар кеткенден кийин Мыкы мени менен сүйлөшүүгө кириптир. Кантип Шурунун жоктугуна бир жыл айланбай үйлөнүп алам? Эсиңиздеби Шурунун кызганчактыгы, азыр үйлөнөт дегенди угуп алса жаткан жеринде чыркырап жибереер. Анан эл дагы эмне дейт. Сени шаарда ким тааныйт? Эми араң отуздан ашкан кезин эле атам өлгөндө. Экинчиден мен үч балам менен калганмын. Үчүнчүдөн Салим боюмда бар болчу, өзүңдү мага салыштыргыдай эмне боюңда барбы эмне? Сен эркексин, эркеке баары жарашат. Мына ортодо беш баласы бар чоң кишилер дагы жылдыгын чыгарып дароо үйлөнүп жатышат. Эч нерсени билбейм, мага эки ай ичинде келин алып келбесең катуу таарынам. Макул аракет кылам э, буйруганын көрөбүз да. Мыкы ошенткени менен Сайра Мыкынын жанын коймок беле. Цехте иштеген кыздарын көрсөтүп жатып, акыры Мыкыга бирөөсү жагып калды. Бизди куда түшүрө койбой ала качып келип алды. Анча ызы чуу салбай эле олтуруп калды кудай жалгап. Уландысы бар Жашагым келет!!! Менин кызым жеңил ойлуу бирөө эмес, кызымды жакшы билем. Балаң кордоп, алдап кеткен. Сен рахмат дебейсиңби, балаңдын шермендесин чыгарбай унчукпай койгонуна. Мага айткандабы балаңды барып бычып салмакмын, ажалым сенин колуңдан болсо дагы биринчи балаңды бычмакмын. Мен атаңды таанытам азыр, кызымды таап өзүндөй кылып алып келип кой. Анан Дарика сен дагы ушунча болгуча жашырып жүрө бересиңби? Албетте рахмат Шурунун абийрин жаап, өмүрүн сактап калганың үчүн. Бирок баардыгын ачык айтыш керек эле, булар баарына жооп бериш керек. Шурунун башынан бир тал чачы түшсүн мен сени талкалайм уктуңбу. Шуру шермендечиликти көтөрө албайт болчу. Менин ордумда башка адам болсо да ушундай кылмак. Менин сөзүм бүткөнчө эле Толкундун атасын тепкилеп кирди. Өз күнөөсүн сездиби кыймылдабай гана жатып берди. Биз араң ажыраттык, аяш апам ыйлап жатат. Ошол маалда эмне кылышты билбей калдык. Тополоңду жаңы төрөлгөн ымыркайдын ыйы токтотту окшойт. Биз бул наристени унутуп коюптурбуз. Колума алып сооротуп жаттым, курсагы ачканбы тим эле тыбырчылап жиберди. Кызымдын түбүнө жеткен ушул болуп жатса, эмне мен сүйүп карашым керекпи? Менин үйүмдө мындайларга орун жок, чыгып кеткиле. Баланы алып чыгып кеткиле. Мына экинчи күн энесин эме элек, эптеп сүт ичип коюп жүрөт. Шуру баласынын кыйналганын чыдап карап тура алмак эмес. Мага ысымын дагы эстетпегиле, эми болсо эшикти сыртынан жакшылап жаап койгула. Мен үйгө конок чакырган эмесмин. Кудам көзүнө жаш алып, колдору титиреп бизди үйдөн кууп чыгарып койду. Колумдагы баланы эмне кылышымды билбейм, өз уругунан тартып алып кетүүгө менин акым барбы? Толкундун атасын карасам мурдунан аккан канды жеңине арчып коюп турат. Сайра чыдабай кетти окшойт, жанагы орой кишиге тап берип жиберди. Сендей иттерди жер кантип көтөрүп жүрөт болду экен, айбан сенин артыңдан канча адам бактысыз болгонун көрүп жатасыңбы? Сен ашып кетсе он беш жыл жашайсың дагы, балаң болсо эми төшөктөн турбайт. Бул баланы кайсы арына талашып бардың? Кимдин биринчи өлүшү белгисиз дечи, бирок сен бул наристеге келечек бере албайсың. Өлүп калсаң баланы ким карайт? Төшөктөгү айбан балаң карайбы? Аның керек болсо өз заарасын өзү эптей албай жатса бул бала жолдо калбайбы. Же эмне биз өлсөк ушул ымыркайды оорукчан балаңа баккыч кылайын дедиңби? Тим эле менин тукумум деп койот, тукумуң куруп кетсин уктуңбу! Сендейдин тукумун куруткан кудайга рахмат, сен малсын уктуңбу! Көрдүңбү сен бир эле жаш кыздын эмес мындан башка эки үй-бүлөнүн убалына калдың. Шуруну жанындай көргөн Мыкынын убалына калдың, кудай урсун сени. Эгер Шуру табылса мен текшертем, сен сууга ыргытып калп айтып жатасың. Кудайдан тиленгин, Шуру аман-эсен үйгө кайтсын деп тиленгин. Эгер Шуруга бир нерсе боло турган болсо сен оңбойсун байкуш. Мен сага сөз берем уктуңбу, мага демек тааныштарын мени атып салсын. Эгер сууга секиргени чын болсо анда Шуруда тирүү калууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер өзү катып алып алдап жаткан болсо, биздин арабызга аман-эсен кайтат. Шурунун табылышын күтүүгө жай жок, райондогу жатаканаларга барсак болот дечи. Бирок канча убакта табылат белгисиз. Бир аз торолгон болсо го карап жүрө бермекмин. Ымыркай менен энесин ажыраткан чын эле ушу силерди кудай урса экен. Өзүмө бергилечи, өз канымды өзүм багайын. Шуру бар болсо го бир жөн, кантип багасыз? Өздөрүнө бергениңиз туура болот, жаман көрбөңүз бирок бериш керек. Балким куданын жини тараганда небересин алып кетер. Анан ошондо азапка чындап батасыз, андан көрө азыр бериш керек. Кошунанын үйүнөн сүт сурап балага ичирдик, астын кургактап анан чоң атасына карматтык. Же калып күтүүнү, же үйгө кетип калууну билбей көпкө туруп калдык. Сайранын тааныштары бар экен райондо, кудай жалгап ошолордукуна барып кондук. Эртеси сүйлөшүп, жанагы Шуру секирген жайга барууну чечтик. Аламышыкты кууш Аккыя аркылуу жандап, шар аккан жерде өзүн сууга таштаган экен. Балким күндүз болгондо сактап калмак, бирок суу шар агат экен. Эки күн аккан болсо балким алиге чейин чоң дарыяга кошулуп кеттиби, кудай өзү билет. Биз келген менен пайда деле болгон жок, куткаруучулар бир ордунда турмак беле, капчыгай аралап издеп кетишкен окшойт же издөөнү токтотуп коюштубу, кыскасы эч ким жок экен. Маанай түшүп, шаарга кайтып келдик. Мыкыга эч нерсе айта албай бир топ бушайманга түштүм, айтсам эмне дейт, жүрөгү канчалык деңгээлде жараланат экен э. Өзүмдүн эсимде, Туратымды жоготкондо жанына жатып алгым келген эле, эми түшүнүп жатам. Баласы үчүн эне канчалык кайгыраарын, азыр Мыкынын жүрөгү тилинет. Баламдын жүрөгү бир тилинсе менин жүрөгүм жарылып кетсе керек, айтпай койсом да болбойт. Эртең бир нерсе болуп кетсе эмнеге айтканың жок! Эптеп чыгынып, Мыкы келгенде болгон жайды айтып түшүндүрдүм. Колун бир топ кармап туруп калды, жерди карап тура берди. Менин да башымдан өткөн балам, ыйлачы жок дегенде, таарынчы мага. Ичиңе жутпачы кайгыны, ичиңде жүрүп кара дартка айланат. Балам жашоо алдыда, буйруса Шуру аман-эсен табылат. Үмүттү үзбөй туралычы балам. Анан акмак апаңды кечирип койчу, мен сенин бактыңды ойлоп туура эмес кылып алыптырмын. Катамды эми түшүндүм, өкүнүп жатам. Балким өз жактырганын бар эле, мен аны сурабай эле өз оюмду сага байлап, бактысыз кылып алдым. Сиздин жүрөгүңүз ак экенинен билем, анан Шуруну алууга өзүм макулдугумду бергем. Өзүм каалагам, сиз айткан күндө деле баш тартсам болмок. Бирок Шуруну жактырып калган өзүм, эч ким күнөөлүү эмес апа. Андан көрө мен досторумду алып, Шуруну издөөгө жардам көрсөтөйүн. Балким тирүү калгандыр, тамак-аш жок бир жерде жаткандыр. Айтмакчы, таап калсаңар туура үйгө алып кел. Кудайдын буйругу менен табылып калса, баласын алып келип алабыз. Ошол күнү эле Мыкы досторун чогултуп, бир машина болуп жолго чыгып кетишти. Таңга маал жетип издейбиз дешиптир. Сууга кирип издей алышпаса да, жээгинен издешет да. Кол куушуруп олтургандан көрө түзүк иш эмеспи, туурабы. Балким агып жээкке чыгып калгандыр деген үмүт да. Ээ кудай тирүү эле болсо экен. Мыкы кеткенден бери ордуна мен чыгып жаттым жумушка. Оюмдун баары Шуру, Сайра дагы үйгө кетип эс ал деп урушат кечке. Үйгө барсам мындан бетер бушайман болом да. Кабар күтүп калдым, телефон колумдан түшпөйт. Таптык деген кабарга зар болдум. Эки күн дегенде Мыкы коңгуроо кылды. Сүйлөбөй туруп ачуу бир үшкүрүнүп алды. Тим эле үшкүрүк жан дүйнөсүн жеңилдеткендей сүйлөп жатты. Салим, Аку, Кайрат жакшыбы? Шуруну эки саат мурун таптык, азыр моргдо. Апа таанылгыс, тааныбай койдум. Колундагы атыбыз жазылган нике шакектен араң тааныдым. Апа бүт жери көк-ала болуп, кичинекей Шурум чооң неме болуп кетиптир. Төртөөбүз зорго көтөрдүк, эмне кылаарыбызды билбей жатам. Эмне кылмак элек, өзүбүз жерге беребиз да. Ата-энеси баш тарткан, анан жанын алган акмактарга Шурумдун сөөгүн карматпасмын. Күнөөлүүлөр жоопко тартулуусу керек. Чыдабай жатам апа, тирүү кезинде коргой албасам дагы, жерге татыктуу бергим келет, түшүнүп жатасызбы. Сиз үйдү дайындап, туугандарга кабар бериңиз. Алар жазасыз калса мен уктай албайм. Бир чети ушундай эле болуш керек экенин билип тургам. Анткени ошондой сууга түшкөн адам тирүү калбайт. Бир чети балким өзүн таштаган эмес деген үмүт бар болчу. Кармаган нерсем колдон учуп, титиреп кеттим. Турган жеримде ыйлай бериптирмин Сайра келип калып олтургузду. Бир жериңиз ооруп жатабы? Келиңиз кан басымды ченеп көрөйүнчү, эжеке сиздин көрүнүшүнүз жакшы эмес, тез жардам чакырайын э. Сайра, Шуру о дүйнө салыптыр. Шордуум бир жакшылык көрбөй кетиптир, турмуштун муштумуна туруштук бере албаптыр. Эми ата-энесине эмне жооп айтам? Сабыр кылгылачы, туруңуз анда үйгө баралы. Апам укса кантет экен э, байкушум досунун кызы кантсе да жыгылып калбаса болду. Сайра экөөбүз ыйлаган бойдон үйгө бардык, мен баарына кабар айтып жаттым. Сайра болсо үй жыйнап жатты. Анан Баатыр байкем үйдөгү жылкыны алып келди апама билдирбей, биз үйгө майда-чүйдө алып келдик. Шурунун туугандарына кабар угузсам үн- сөз жок өчүрүп салышты, келеби жокпу билбейм. Бирок кантип кызынын жаназасына келбей койсун э. Өз кызыкчылыгы үчүн жаш баланы дагы аябаган акмактар экен го. Чоңдордун оюнун, менин кичинекей балапаным кайдан түшүнсүн. Кызымдын психологиясына жаман таасир тийгизет, өмүр бою коркок болуп калышы дагы мүмкүн. Бала кезинде алган бул жараты өмүр бою алдын тосуп калбайбы. Мейли эле, анысына ыраазымын болгону кызыма бир зыян тийбесе экен. Ээх кудайым тигил манкурттарга ынсап бер, бизге сабыр бере көр. Кызымды аман-эсен кайтара көр. Үйдө олтура албай Мыкыга жөнөдүм. Болгон ишти айтсам Мыкы башын мыжыгып олтуруп калды. Миңдеген кыздар атасынын төрүндө эле тууп, өлбөй эле жүрүшөт апа. Шуру бизге балээнин баарын алып келди, алып кете беришсин. Ала беришсин мага карындашым керек. Апа мен эмнеге башкаларды ойлошум керек. Эгер Шуру өзүн өзү ойлобосо. Эмнеге күйүгүшүм керек эгер бала Шуруга кереги жок болсо. Апааа өзүңүздүн неберелериниз болот, эмнеге бирөөнүкунө жабышып калдыңыз. Же Акудан Шуру артык көрүнүп жатабы? Эмнеге дайыма эле бирөөлөргө жан ачытып жүрө бересиз? Баласы менен чогу боло берсин. Жүрүңүз Шуруга өзүбүз түшүндүрөлү, коштошуп келебиз. Эгер Шуруну койберсен мени апа дебе уктуңбу. Мыкы тамды муштумдап алды, колунан кан атып кетти. Ооруну сезбей жаттыбы, болбой эле ургулай берди. Араң токтоттум, колу аябай жаракат алыптыр. Шуру жаткан төрөткананын аркы корпусу терапия экен. Ошол жака кирсек рентгенге жиберди. Анысын таап түшүп келдик, эки манжанын сөөгү сынып кетиптир. Ушунчалык да жинге алдырабы э? Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат экен. Силерге бир нерсе болсо мен көтөрө албайт экенимди жакшы билесиң го. Мен силерге жакшылык гана каалайм, экинчи мени ыйлатпачы. Маакул сиз айткандай болот, Шуруну ою менен болом апа, сиз ыйлабасаныз болду апакем. Мыкынын колун гипстегенден кийин Шуруга бардык. Бизди эшиктин алдында турган мербийке киргизип жиберди. Кирсек Шуру жок экен. Чыгып кеткенби деп он мүнөттөй күттүк. Келбей койду, кийимдери, буюмдары ошол боюнча турат. Врачтан сураганы барган жатсак, Мыкы буюмдарын карап жаздык астынан кагаз таап чыкты. Ал жерде Шуру бизге кат жазып калтырыптыр. Апа сиздин мээнетиңизди катуу сыйлайм, сизди өз апамдай жакшы көрүп кеттим. Айылда төрөлүп өстүм, мектеп, үйдөн башка жерди көргөнүм жок. Туура бул адаттагыдай эле көрүнүш, мен эле эмес айылдын баардык тургуну күнүмдүк көр тирилике сиңип кеткен. Жана бул нерсеге баардыгы ыраазыдай. Ыраазы эместер биринчи мүмкүнчүлүктү пайдаланып шаарды көздөй качат, мага окшоп. Мага дагы айылдын жашоосу такыр жакпайт. Билбейм эмнегедир мага эркин жашоо көбүрөөк жагат, ал жерде эч ким сени тааныбайт. Элдин оозун карабай, көңүлгө жаккандай жашайсың. Билим алып келечек түзөбүз, ар түрдүү адамдар менен таанышасын. Дайыма ошол ой менен жашап, мектепти бүтүрүүнү чыдамсыздык менен күттүм. Мага айылдын ары жагындагы жашоо кызык туюлду. Ошол кезде Толкун мага сөз айтып калды, аны аялы менен ажырашканын угуп калганым бар. Дароо эле макулдугумду бердим, кыз-жигит болдук. Мектепти бүтүп Толкун менен үй-бүлө куруп, шаарга кетүүнү көздөдүм. Бай үй-бүлөгө кирсем менде мүмкүнчүлүк көп болот дедим. Ал мени убактылуу гана пайдаланган экен. Боюмдагын билгенде жүзүн буруп кетти, мен өзүмдү жок кылмай болдум. Ошол кезде кудай сизди мени куткаруу үчүн жиберди. Мыкы менин өчкөн шамымды жандырды, жүрөгүмө жылуулук тартуулап, чыныгы сүйүү эмне экенин түшүндүрдү. Мурунку азаптарым түшүмдөй унутулду. Шаарга дагы келдим, шаардын элин көрдүм. Баардыгы орой, көздөрү көр, сараң сыяктуу. Бири-бирине жардам берүү дегенди билишпейт, боз маскасын кийип алышып дайым шашып гана жүрүшөт. Бул адамдар күнүмдүк оокаттын азабынан, жашаганды унутуп калышкандай, кээ бири эптеп күн өткөрүү максатта. Кээ бири жеп, ичип, кийүү үчүн гана жашап жаткандай. Бир жолу апамдан сураган элем. Сиз күнүңүздү тамак жасап өткөрөсүз, атам ошол тамакты таап келүү үчүн өткөрөт. Апам болсо көөпкө ойлонду. Анан мынтип жооп берген эле. Ал кезде анча түшүнбөй баш, ийкеп кайра ойноп кеткемин. Качан шаарга келгенде ушул сөздүн маанисин түшүндүм. Шаардагылар жеш үчүн эле жашап калгандай. Мага шаар жакпай калды, айылымдан айланып кетейин. Шаарга кетүү максат мени ушундай жаман жолго түрттү. Өз кылган каталарымды түшүндүм апа, мен Мыкынын сүйүүсүнө татыктуу эмесмин. Апа сиздин мээримиңе да татыксызмын, мен адамдардын башына балээ алып келчү жанмын. Мындан ары менин азабымдан башкалар жапа чегишин каалабайм. Мага кылган жакшылыгынар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жашоодо сиздей адам дагы да болсо бар экенине кубанычтамын. Апа мен үчүн Мыкыны урушпаныз суранам, мен өз тандоомду өзүм жасадым. Мыкы сен албетте бактылуу болосуң, мени кечирип койчу колуңдан келсе. Сени бактысыз кылып алуудан коркомун, ошол үчүн кетип жатам. Өз каалом менен кетип жатам. Ишенүү кыйын, Шуру өз каалоосу менен кеткенине ишенүү кыйын. Балким, жанагы акмактар басым көрсөткөндүктөн биз үчүн алаңдап кетип калгандыр. Эх шордуу, жаш туруп мынчалык шордуу болбосоң эмне экен. Мыкы эшике чыгып кетти. Мен Шурунун буюмдарын жыйнап жаттым. Эчнерсе албаптыр, турган боюнча кеткен окшойт. Мыкы врачка кирсе Шуруну түшүнүк кат жазып, өз каалоосу менен кетип калганын айтыптыр. Демек баланын атасын тандаптыр, анан эмне деп ойлойм. Аку тууралуу уккан эмес болсо, өзү эле кеткен да. Ичимде баарыбир таарыныч болуп жатты. Бир кап алтынымды тонотуп жибергендей ыйлагым келди. Мыкыга дагы сүйлөгүм келбей, үн чыгарбай кете бердим. Мыкыдан кайда деп дагы сураган жокмун, Мыкы милицияга алып барды. Акунун жоголгону тууралуу арыз жаздык, сүрөтүн таштап үйгө кайттык. Үйгө келсек Акунун таштап кетишиптир, Салимди ойнотуп олтурат. Тез жетип кучактап, ыйлап бети-башын карап алдым. Кызыма зыяны тийбегенби деп катуу корктум. Кызымды карасам жакшы эле турат, күлүп маанайы жакшы. Эч нерсе кылышкан жокпу сага? Кайда, ким уурдап кетти сени? Сени табуу үчүн эмнелерди гана кылганыбыз жок, жүрөгүм жарылайын деди кызым. Мага эч нерсе кылышкан жок, эртеден кечке соонун жерде ойнодум. Анан каалаганымды жеп жыргадым. Апа эмнеге коркосуз, жакшы турам го алдыңызда. Мени жана өздөрү таштап кетти. Акунун табылганын айт, ойноп алыс кетип калыптыр де. Биз болсо эртең менен жолго чыгабыз, барып Шуру менен сүйлөшүп келишибиз керек. Эгер келбесе буюмдарын жеткирип берели. Тайенем менен бара бергилечи. Анан Шуруну өзүбүз алып кеттикпи, алып кеткен соң жоопкерчилиги да бизде. Эми жоопкерчиликти өткөрүп берели, ачык сүйлөшүүгө убакыт келди. Жүрөгүм жараланды, капа болуп жатам. Өзүмдү жакында балалуу болом деп ынандырып алган экенмин, өз баламды жоготкондой болуп жатам. Менде намыс бар апа, мени чанып кеткен аялдын артынан бара албайм. Мени уруп, урушуп, каргап салсаңыз да болот. Бирок мени бар дебеңиз апа, суранайын антпениз апа. Сиздин сөзүңүз мен үчүн мыйзам, бир жолу мыйзамды кабыл кылбай коюуга макул болуңузчу. Макул балам, сен айткандай болсун, өзүбүз баарын бүтүрүп келебиз. Эртеси апама барсам апам сыркоолоп калыптыр, даары-дармегин алып берип Сайрага бардым. Сайра баягы эле тынбай жүрөт. Күндө иштейт, дем алышты билбейт ушул кыз. Мени көрүп катуу сүйүндү. Болгон жагдайды айтсам, Мыкыга бардык ишти тапшырып чогу бармай болду. Түштөн кийин жолго чыгып кеттик. Түндө айылга жетип бардык, Шуру үйүнө келбептир. Кудагыйлар миштерди угумуш этиптир, бирок эл айта берет деп унчукпай жүрүшкөн экен. Бир чети унчуга да албайт да. Кантип кызыбыз боюнда болуп тийиптир балаңа демек эле. Же алар бизге, же биз аларга сыр бербей олтурабыз. Ачык айта албай кыйналдым. Сайра экөөбүз ымдашып, эшике чыгып сүйлөшүп келдик. Биринчи жанагы Толкун дегенди таап, Шуру менен сүйлөшүп көрмөй болдук. Таң атпай Толкун дегендин үйүнө бардык. Мени түртүп жиберген адам жоош болуп калыптыр. Асманда жашагандай кыйын эле болдуңар го. Мен силерге арыз жазып каматам, кызымды, келинимди, неберемди уурдап кеткениң үчүн камаласын уктуңбу. Мени кечирип койгулачы, жалгыз баламдын баласын алам! Мага берилчү жазанын өзү жок, Шуруга кызыңды бизде экенин айтсак биз менен кетүүгө дароо макул болду. Асмандан издегенибиз жерден табылгандай сүйүнүп алып жөнөдүк. Жол бою сүйлөбөй келди, дарыяга келгенде машинанын ичин жаңыртып ыйлады. Коркуп кеттик, бир жери ооруп жатабы дедик. Машинаны токтотуп баарыбыз түшүп, акыбалын сурадык. Шуру бизге жооп бербей, бакырып ыйлай берди. Эс алып алсын деп жайына койдук, баланы колунан алып бетин жууп алуу үчүн суу бердик. Анан биз жетишпей калдык, ордунда жакшы эле туруп бир маалда чуркап кетти. Биз караганча болбой дарыяга боюн таштады. Дароо куткаруучуларды чакырдык, мына экинчи күн болду таппай жатышат. Шуруну ата-энесине эмне деп айтаарыбызды билбей турабыз. Ушундай жол менен улана турган тукумум андан көрө уланбай калса жакшы болмок. Шуру эч качан өзүнө кол салбайт, аны силер өлтүрдүнөр. Туура айтамбы, баланы алуу үчүн дарыяга ыргытып салдыңар. Могу кыймылсыз жаткан балаң уятсыз, керек болсо Шурунун убалы урду ушуну. Түкүрүп чанган балага зар кылып койду, кудай калыс. Силердин үй-бүлөнөр акмактар экен, кудай акмактардын тукумун улагысы келбейт. Баарына ыраазымын, кааласаң өлтүрүп сал. Дагы ким билет кимдерди ортого салып жазадан кутулуп кетишиңди. Билип кой, бул жашоодо жазасыз калышың мүмкүн, бирок кудай жазасыз калтырбайт сени. Алып кел бери баланы. Колунан баланы сууруп алып чыгып кеттим. Кудагыйлардын үйүнө жөө бардык, эч эле жеткибиз келбейт. Кантип айтууну билбей, Сайра экөөбүз бири-бирибизди карап ыйлап бараттык. Азыр чын айтыштыбы же калппы билбей жаттык. Чын эле өзүн өзү таштаган окшойт же булар кол салдыбы. Кол салган болсо баланы азыр бизге бермек эмес да. Баланы алып эмне кылышты билбейм, өзүм алып кетемби? Мага закон багууга уруксат береби? Бирок азыр Шуру тууралу ойлонуш керек болчу. Үйгө бала көтөрүп кирсек кудагыйлар таң калып калышты. Шуруну атасы кабагын салып аялын карады. Байкуш айла таппай чыйпылыктап кетти. Бири-бирине карап үйгө киргизишти. Артыбыздан Толкундун ата-энеси кирип келди. Кудам дароо көзү чекчейип, муштуму түйүлүп кетти. Биз силердикинде конок болуп жүргөндө Шурунун Толкун деген балага алданып калганын угуп калдым. Шуру түйүлдүк түйүп калган экен. Толкун, бул адамдардын баласы Шурудан баш тартып кетти. Шуру катуу ыйлады, өзүнө кол салгысы келди. Мен карап тура албай балама алып бердим. Баардыгын жашырдым, силерден жашырып алып кеттим. Шуру менен Мыкы эң бактылуу болушту. Шуру төрөсө жети айлык деп сүйүнчүлөп койобуз дедик. Бирок, Толкун кырсыктап үй-бүлөсүн жоготуптур. Мындан ары балалуу да боло албайт экен. Бактылуу жашап жатсак бир күнү биздин жашообузду бузуп, бала талашып булар пайда болду. Күчүм жетишинче күрөштүм, таяк жедим. Анан Шуру уул төрөдү, булар менин жалгыз кызымды уурдап кетишти. Баланы берсең беребиз деп коркутушту, Шуруга колдору жете электе баралы деп барсак Шуру кетип калыптыр. Мына бизге кат калтырып кетиптир, өзү үчүн кызымды жабыркабасын! Анан кележатып дарыяга өзүн таштады! Бирок мен ишенбейм, өзүнө кол салганына ишенбейм. Кат жазып кеткенине карабай дароо артынан жөнөдүм, келип Шурумду таппадым. Ошондо туура же туура эмес кылганымды билбей калдым. Күнөөнүн баары менде, артык кылам деп тыртык кылып алдым. Биринчи болуп мына күнөө менде. Шуруну издеп таппай жатышат, борбордон дагы куткаруучулар келди. Бул масалени чогу олтуруп чечиш керек экен. Мыкы келсе сөзсүз кеңеш кылыш керек. Биз күткөндөй эле Мыкы кеч келди. Салим уктап калган, Шуру экөөбүз аш үйдө сүйлөшүп олтурганбыз. Түн жарым болду го апа. Шуру тамак сал Мыкыга. Жакында согуш болчудай го кебетенер, эмне болду? Билесиз го апа мен сиздин айтканыңызды аткарат экенимди. Мыкынын көзүнөн от жанып кетти, Шуруга болгон кызганыч Мыкыны жинди кыла жаздады. Ушул күнгө чейин бир дагы жолу байланышкан эмес болчумун, кудай турат үстүмдө. Ал ким экен бирөөнүн номерин бергидей. Ошол баланы кошуп жок кылам. Азыр андай майда- чүйдөгө убакыт жок. Эми балалуу боло албайт имиш, эми келип мурун баш тарткан баласы керек болуп калыптыр. Же эмне бергиң барбы баланы? Өзүбүздүн көөп балабыз болмок. Түшүнүп жатасыңбы экөөбүздүн гана балдарыбыз болмок. Сага кандай өгөй болсо мага да ошондой эле өгөй бул бала. Мага керек эмес бул баланын. Сага бала керек эмес болсо бер анда. Сен деген күкүк энесин да. Сага баарыбир да э. Эркекке, мына бизге баланын өгөйү болушу мүмкүн, а мына аялдарга тагыраак айтканда силерге баардык бала бирдей болуш керек. Менден же анданбы бул баланын айрымасы эмне? Эгер энеси сен болуп жатсаң, сенин ичиңде турса. Сага кандайча өгөй болот айтсаң? Мен сени акылдуу экен дегем Шуру, каалаганыңды кыл уктуңбу. Мына мен, мен баланы эч кимге бербейм. Кудайдан башка эч ким тартып ала албайт, уктуңбу дейм? Адашыптырмын, кечирчи, кечирип койчу. Бирок азыр бул жерде Шурунун абийри болуп жатат, ата-энеңдин жүзү жер карайт экен эми. Бул масалени тынч бүтүрө алсак кандай жакшы болмок. Эмне мени арсыз деп жатасыңбы? Мен сени жакшы билем, оорукчан адам эмес сен өзүңдөн алсыздарды капа кыла албайсың. Эгер биринчи тийишсек өзүбүзгө зыян. Мен ал адамга барган бул жакта турсун атын уккум келбейт. Эмне кылышым керек эми. Бирге болсок баарын жеңебиз. Шуру сен эч коркпо, эч бир сот баланы энеден ажыратпайт. Албетте эне өзүнө тың болсо, жашаган жайы болсо. Сенде ал нерсенин баары бар, буйруса сен эң мыкты эне болосуң. Айтабыз да баланы алып, тынчыгыла деп. Айтып жатпаймынбы, мага бул баланын кереги жок. Мындан кийин баардык нерсе сенин айтканың менен болот. Баланын кайгысын мына мен жакшы түшүнөм, азыр ката кетирсен өмүр бою өзүңдү кечире албай өтөсүң. Жүрөгүңө кара дарт болот, мен аны жакшы билем кызым. Эгер соттошуудан, сөздөн коргоном десеңер кетип эле калгылачы. Кайрат дагы чоңоюп калбадыбы. Окуусунан кийин деле сенин ордуңа Сайрага жардам бере берет. Сөз менден өтө албайт, көчөдө калган жоксуң. Баланы болсо бербейбиз, уктуңбу. Аны дагы түшүнүп койсок кантет? Жалгыз туягын алгысы келет да. Төшөктөн тура албаса жаңы төрөлгөн баланы апасына каратат. Апасы өз баласын карайбы же ымыркайды карайбы? Шуру ыйлап гана туруп берди, бүгүнкү түн аябай оор болоору турган кеп.

Last updated